Экс-президент: «Текебаев узурпатор Атамбаевге салыштырмалуу Сооронбайдын убагында көбүрөөк отурат»

Окуялар тизмеги 17 Июл 2019 15:01
0 билдирүү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 16-июлда Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Ал «Текебаевдин иши боюнча катаал маселеге туруштук бериши керек» деп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

— Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамбаевге салыштырмалуу Сооронбайдын (Жээнбеков — ред.) убагында көбүрөөк отурат,— деген Атамбаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Жакында эле Текебаевдин балдары өз алдынча иликтөө жүргузүшкөн. анда алар Модин «Супара» комплексинин жанында болбогондугун уюлдук телефон оператору аркылуу аныкташкан.

Кыргызстандын Жогорку соту 16-июлда саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Бирок «иш боюнча материалдар көп, таанышууга убакыт керек» деген негизде соттук териштируүнү 21-августка жылдырды.

22-июндан бери Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамын алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Мурдагы мамлекет башчы күн сайын тарапташтары менен учурашып, журналисттердин суроолоруна байма-бай жооп берип турат.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.