Жогорку Кеңеш каникулга чыкты

Окуялар тизмеги 28 Июн 2019 11:01
0 ой-пикир

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин 27-июнда аяктады. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйын соңунда депутаттар сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштегенин, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.