Жээнбеков: «Казынанын киреше бөлүгүн толук аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек»

Окуялар тизмеги 28 Июн 2019 16:05
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мамлекет башчы менен премьер-министр пенсияны жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыны көбөйтүү жана аны ишке ашыруу мөөнөтүн талкуулашкан.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын аткарылышына өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керектиги белгиленген.

«Казынанын киреше бөлүгүн толук аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деп кошумчалаган президент.

Мамлекет башчы мындан башка дагы бир катар маселелерге көңүлүн бурду. Алар:

— Аймактык өнүгүү, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү, анын ичинде салыктык процедураларды фискализациялоо жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук системаны киргизүү, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча чараларды тездетүү зарыл;

— Коопсуздук кеңешинин санариптештирүү жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы;

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушууда

— Россия, Кытай, Индия, Германия менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоо;

— Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алардын тизмеси түзүлүшү зарыл;

— Райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек

— Кара-Балта, Ош — Баткен — Исфана — Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү.

— Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отурумунда бизнес өкүлдөрү тарабынан бир катар маселелер көтөрүлгөн. Алардын чечилиши өкмөткө жүктөлгөн. Аткаруу бийлиги тарабынан иш-чаралардын так планы түзүлүп, аны ишке ашырууга бардык чаралар көрүлүшү абзел;

— Республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеш экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган мыйзам демилгелеринин бардык пакеттерин колдоп бергенин билдирди.

Ошондой эле премьер-министр президент көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынарын убадалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.