Салянова менен Атамбаевдин тиреши эмнеден башталганын Өмүрбек Текебаев Elgezit.kg редакциясына айтып берди

-Алгач ден-соолугуңуз тууралуу кыскача айтып берсеңиз, абалыңыз жакшыбы? “Ата Мекен” партиясынын көрүнүктүү мүчөсү Аида Салянованын кармалышы маанайыңызга кандай таасир берди?

— Рахмат, өзүмдү жакшы сезип турам. Менин абалыма тынчсызданып, колунан келген аракеттерин жасап жаткан врачтарга ыраазымын. Ал эми маанайым болсо жакшы. Аида Салянова үчүн күрөшөбүз.

— КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Аида Салянованын кармалышы жана камалганы Конституцияга ылайык келбей турганын айтты. Конституцияны иштеп чыккандардын башында турган адам катары Момбековдун бул пикирине кошуласызбы?

— Албетте, бирок башында Рыскелди Момбеков тууралуу бир нече сөз айткым келип турат. Армениядагы, Украинадагы акыркы окуялардай эле биздин дагы коомчулук эски саясий элитадан чарчады. Мен жаш курак тууралуу айткан жокмун. Эл системалык саясатчылардан тажады. Элдер жаңы баатырды издеп жатышат. Рыскелди Момбеков ушундай стандарттуу эмес, салттуу эмес саясатчы. Анын рейтингин караңыздар. Акыркы жылдагы рейтингдер боюнча социалдык тармактардагы көрүүлөр, пикир калтыруулар боюнча Рыскелди Момбековго тең келгендер жок. Саясатчы катары мен бул процесстерге кызыгып дагы, кызганып дагы көз салып келем. Момбеков өсүүгө даяр экенин көрсөттү, фольклорчудан дагы көрүнүктүү саясатчы чыгарын далилдеп жатат.

Салянованы кармоо Конституцияга ылайык келбестиги тууралуу анын билдирүүсүнө алгач олуттуу деле караган эмесмин. Бирок Рыскелдинин сөздөрү мени ойлондурду. Мен текшерүүнү чечтим. Менин жанымда дайыма Конституция жүрөт. Мен аны ачып окудум дагы Момбековдуку туура экенине көзүм жетти.

— Эмнеге анын айткандары туура экенине кененирээк токтолсоңуз…

— Бир жыл мурун экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мен ошондо 24.kg агенттигине маек берип, Конституцияга ылайык экс-президенттин кол тийбестик укугу жок экенин айткам. Бирок айрымдар Жээнбековду көндүрүшүп, ал дагы качандыр бир убакта экс-президент болорун жана бул макам ага да керектигин айтышыптыр. Дал ошол адамдар экс-президенттин кол тийбестик укугу иштеп жаткан президенттикинен төмөн эмес деп Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту чечим чыгарышына түрткү болушкан. Президенттей эле, андан төмөн эмес кол тийбестик укукка ээ, дешип, атайын баса белгилешкен. Башкача айтканда, жогору болушу мүмкүн, бирок төмөн эмес. Мындай кадамдары менен алар Конституциялык норманы чечмелөөгө прецедент жаратышкан. Баарыбызга эле белгилүү болгондой, президентти, сотторду, башкы прокурорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тартиби татаалдаштырылган. Бул норма алардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган. Конституциялык сот мындай деп чечмелеген, эми сотторду, депутаттарды, башкы прокурорду, экс-сотторду, экс-депутаттарды, экс-башкы прокурорлорду кызматта турган учурда кылган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу татаалдашкан тартип менен жүргүзүлөт. Рыскелди Момбековдун айткандары туура болуп чыкты. Тажрыйбалуу юристтердин ичинен ал жалгыз болуп көйгөйдү тереңден карап чыккан. Себеби эч ким – башкы прокурор дагы, соттор дагы, президенттик аппараттын юристтери дагы Конституциялык соттун чечимине маани беришкен эмес. Мен дагы Конституциялык соттун чечимине Рыскелди Момбековдун билдирүүсүнөн кийин гана көңүл бурдум.

Мындан сырткары, Конституциялык соттун чечиминен сырткары Жогорку сотун дагы чечими бар. Ал чечим Жалал-Абад облусунун экс-судьяларына карата козголгон кылмыш ишинин натыйжасында кабыл алынган. Анда облустук прокуратура аларга каршы кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратура бул мыйзамсыз деп санап, соттордун жактоочулары жогорку инстанцияларга кайрылышкан. Жогорку сот облустук прокуратуранын кадамдары туура эмес, экс-сотторду жоопкерчиликке тартууда татаал тартип колдонулушу керек деген чечим чыгарган. Ошондой эле экс-сотторго карата Конституциялык сот чыгарган дагы бир чечим бар. Төрт экс-сот Конституциялык палатага кайрылышып, чечимди колдоруна алышып, анын негизинде соттук инстанцияларды утуп чыккан. Жалпысынан Кыргызстанда үч прецедент, үч чечим бар.

Конституциялык сот экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу чечим чыгарды жана экс-соттор боюнча да чечими бар, ал эми Жогорку сот экс-сотторго карата чечим чыгарган. Демек, мыйзам экс-депутаттарга жана экс-башкы прокурорго карата дагы ушундай эле логика жана тартип менен иштеши керек. Ошондуктан, экс-башкы прокурор Аида Салянованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети Конституцияга дагы соттук практикага дагы дал келбейт.

— Көпчүлүк Саляновага моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, Атамбаевге каршы көрсөтмө бердирүү үчүн камашканын айтышууда. Кандай ойлойсуз, Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө береби?

— Салянова сыртынан гана алсыз айым көрүнөт, чындыгында ал күчтүү айым. Ал өжөр жана эрктүү. Атамбаев менен араздашуусунун тарыхын эсиңиздерге сала кетейин. Башкы прокурор болуп турганда, Аида Салянова Атамбаевге айрым министрлер президенттин атына жамынып коррупциялык схемаларды жасап жүрүшкөнүн, Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүрлөрдү ташып келип жатышканын айтат. Атамбаев мындай билдирүүгө ачууланып, Салянова менен макул эместигин билдирет. Бирок Салянова да өзүнүкүн берген эмес. Ага жооп катары Атамбаев Салянованын жолдошун куугунтуктап, Аида Жеңишбековнаны отставкага кетүүгө аргасыз кылган. Салянова кызмат менен жолдошунун ортосунда тандоо турган болсо, анда жолдошун тандап, аны коргой турганын билдирген. Эсиңиздерде болсо, ошондо Атамбаев жаман оюн жүргүзүп жатып дагы жакшы бойдон көрүнгүсү келип, Саляновага биринчи даражадагы “Манас” орденин берип жатып президенттик кызматындагы эң татыктуу мураскери экенин айткан. Бирок мындай арзан комплименттер менен Салянованы сатып алуу мүмкүн эмес болчу, ал маектеринде президентти жана анын айланасындагыларды коррупцияга күнөөлөөнү уланткан. Ошондо Атамбаев режими Салянованын үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүүнү күчөткөн. Башында Салянованын агасын жаш кыздын өлүмүнө күнөөлөөгө аракет кылышты. Баса, анын агасы дагы деле качып жүрөт. Аида болсо “Ата Мекен” партиясынан шайлоого катышты. Шайлоодон кийин Атамбаев мени менен жолукканда партиялык тизмеде Мелис Мырзакматов менен Аида

Салянова болбосо биз көбүрөөк мандат алмак экенибизди айткан. Бирок Салянова парламентте да жөн отурган жок. Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен бирге Атамбаевдин пайдасына Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкты. Ошондон кийин ага карата кылмыш ишин козгошту. Ал Алексей Елисеевдин жактоочулук иш менен алектенүүгө уруксат берүү лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген күнөө коюшту. Аны мыйзамсыз соттошуп, мандатынан ажыратышты. Ошол эле күндөрү Аида Салянованын инисине кол салуу болуп, аны өлтүрүп кетишти. Көпчүлүк бул өлтүрүү менен Саляновага психологиялык кысым көрсөтүүнү каалашканын жана анын артында чоң саясат турганын айтышты. Ошентип Атамбаев Салянованын кан душманы болду. Анын Атамбаев менен эсептешүүгө толук укугу бар. Бирок мен аны жакшы билем. Ал өжөр жана күчтүү гана эмес, мыкты адам. Эгерде Батукаевдин иши боюнча Атамбаев түз буйрук бербеген болсо, анда ал жалган көрсөтмө бербейт. Ал өзүн-өзү сата албайт. Баалуулугун, адилеттүүлүгүн өчөшүп сатып салбайт. Аны камашкан күнү “Ата Мекендин” мүчөлөрү ал жерде болгон жана ал кимдир-бирөөнү каралабай турганын билдирген. Аида мындай деген: “бул күндөр дагы өтөт, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук орнойт.” Акыркы күндөрү чындыгында эле адилеттүүлүк акырындан орноп жатканын көрүп жатабыз. Мен Аида Саляновага ишенем, жакында мыйзамдуулук орнойт.

Elgezit.kg редакциясы маекти даярдоого жардам бергени үчүн Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.

Билдирүү калтыруу