Премьер-министр: Аткезчилик жүктөрдү көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар «уктап жатышат»

Окуялар тизмеги 06 Июн 2019 15:57
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

«Аткезчилик продукцияны жана товарларды ташуудан биздин мыйзамдуу иштеген ишкерлерибиз зыян тартып жатышат, республикалык бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Ошону менен бирге, бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик ташууларды жоюу боюнча жетиштүү чараларды көрбөстөн, ачык эле «уктап жатышат». Бул маселеде коррупциялык көрүнүштөр жана түз кызматтык милдеттерин аткарууга шалаакы мамиле кылуу бар экендигин моюнга алуу керек. Буга укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экендиги өкүндүрөт. Аткезчилик жүктөрдү ташуу маселесине чекит коюу үчүн биз көзөмөлдү катаалдатып, автоматташтырылган тутумду киргизүү боюнча тиешелүү чараларды күчөтөбүз, бул чек арада жүктөрдү, унааларды каттоо жана байкоону камсыздайт».

Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына эсепке алынбаган ар түрдүү топтордогу товарларды ташууга каршы чараларды күчөтүү боюнча кеңешменин жүрүшүндө айтты.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, эгерде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салбаса, жоопкерчилик тартмай болушту.

«Эгерде кыска мөөнөттүн ичинде өлкөгө аткезчилик продукцияларын ташуу боюнча кырдаал жөнгө салынбаса, жооптуу адамдарга, анын ичинде тескөөчү вице-премьер-министрге карата ээлеген кызматына ылайык келүүсүн карап көргөнгө чейин тартиптик мүнөздөгү чаралар көрүлөт. Аткезчилик жүктөр темир жол аркылуу келет деген да маалымат бар. Ошондуктан бул фактылар ырасталса, «Кыргыз темир жолунун»  жетекчилиги да жеке жоопкерчилик тартат», – деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткезчилик продукцияларды ташууну көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн таасирдүү механизмдерди иштеп чыгууну жана ыкчам тартипте кабыл алуу боюнча тапшырма берди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.