Ош: Кыздар мушташа кетип, анын үчөө бычак жеди

Окуялар тизмеги 06 Июн 2019 10:28
0 ой-пикир

Ошто кыздар мушташып, 3 кыз бычактан жаракат алган. Бул тууралуу Ош ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 5-июнда, таңкы саат 04.10до Кара-Суу көчөсүндө кыздар мушташып жатканы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда кафеде отурган кыздар тааныш кызы менен чырдашып, маселени чечүү үчүн анын үйүнө барышканда анысы бычак, бөтөлкө көтөрүп чыкканы маалым болгон.

Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын 16-23 жаштагы кыздары калаадагы кафелердин биринде түнкү саат 03.30дарга чейин отурушкан. Алар бир курбусунун 1-июнда өтүп кеткен туулган күнүн белгилеп, айрымдары спирт ичимдигин ичишкен. Ошол маалда 23 жаштагы кызга бир тааныш кызы телефон чалып тынчын ала берген. Анткени ал экөө башка жакка барууну пландашкан болчу. Ал баш тартып койгондо өз ара кайым айтыша кетишкен.

Андан соң кафеде отурган топтолгон 8 кыз ал кыздын үйүнө жөнөгөн. Ага чейин да телефон аркылуу чырдашканы айтылат.

Кыздар келгенде 20 жаштагы кыз үйүнөн бычак, бөтөлкө көтөрүп чыгып мушташып кетишкен. Аны көптөп, жалгыз кызды ур-токмокко алышкан. Ал кыз да коргонуу аракетинде туш келди бычак шилтегенде үч кыз жаракат алган. Бирөөнүн санына, экинчисинин балтырына, үчүнчүсүнүн көкүрөк тушуна тийген. Жаракаттары олуттуу эмес”, — деп билдиришет милициядан.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык катары катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.