Жети кен сынакка коюлмакчы

Окуялар тизмеги 06 Июн 2019 13:29
0 ой-пикир

Кыргызстандын өкмөтү 2019-жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу кендерди сынакка коюуну пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешмесинде билдирди

Жыйында Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов сынакты өткөрүүнүн жол-жоболору тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы кен иштетүүгө сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын белгиледи.

«Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштагыла. Ошону менен бирге, кен жайгашкан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгү катары тармактык эмес өндүрүштөрдү түзүү боюнча талаптарды сынактын шарттарына киргизүү маселесин изилдеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары Жерүй, Кичи-Чаарат жана Шамбесай өңдүү келечектүү кендерди ишке киргизүү маселесине олуттуу мамиле кылып, бул тилкелерде ишти ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл иш-чараларды аткаруу керек. Кен иштетүүгө рационалдуу жана системалуу мамиле кылуу бюджеттин жеңилдетилген насыялардан жана эл аралык уюмдардын жана айрым өлкөлөрдүн гранттарынан көз карандылыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эмил Осмонбетов кабарлагандай, 2018-жылы кендерге байланыштуу сынактардын жана аукциондордун жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшө турган киреше 10 млрд. 687 млн. сомдон ашкан.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүдө аталган жети тилкеде кайсы кендер бар экени так көрсөтүлгөн эмес.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.