Жасалма документ жасап жаткандар кармалды

Окуялар тизмеги 06 Июн 2019 13:09
0 ой-пикир

УКМК кызматкерлери Ислам Кодировдун наамына берилген жасалма паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы коңшу өлкөнүн жаранын (Ю.М.) колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен бирге аэропорттун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу, Кыргызстандын жараны, 52 жаштагы А.С. да кармалды. Анын жанынан да Пайзулло Насыров аттуу жарандын наамына даярдалган жасалма паспорт табылды.

Тергөө учурунда такталгандай экинчи кармалган киши Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп, чет өлкөлөргө жиберип турганы аныкталды. Тинтүү учурунда анын жашаган жеринен дагы бир нече жасалма паспорт алынды.

Кармалган жаран «Манас» аэропортунан Түркиянын Стамбул шаарына учууга аракет кылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө алынган паспорттогу сериялар Кыргызстандын башка бир жарандарына таандык экени аныкталды.

Даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн согуш жүрүп жаткан аймактарга катышууга жиберип туруу максатында колдонулган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.