КСДПнын митингине экс-президент өзү да катышат

Окуялар тизмеги 04 Июн 2019 10:04
1 ой-пикир

КСДП партиясы 8-июнда митинг уюштурат. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, тынчтык митинги «Форум» имаратынын алдында өтүп, айрым талаптар айтылат. Митингге экс-президент өзү да катышат.

Талаптардын ичинде Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу ишке катыштыгы бар делген мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду боштондукка чыгаруу, мурунку мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун негизсиз кылмыш иштерине бөгөт коюу талаптары эсептелет.

Ошону менен катар эле, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевди бошотууну да талап кылышат. Мындан башка дагы маселелер айтылуусу күтүлүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

КСДПнын митингине экс-президент өзү да катышат” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.