Аида Салянованын апасы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады

Окуялар тизмеги 04 Июн 2019 17:12
0 ой-пикир

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын апасы Майрам Жусупова кызынын күнөөсү жок экенин билдирип, президентке кайрылды. 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал ишти терең иликтеп, калыс кароону суранды.

Учурда сотто Аида Салянованын бөгөт чарасы каралганы жатат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу 3-июндун кечинде кармалып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган.

Сот имаратына Салянованын тарапкерлери да чогулду. Ал мүчө болгон «Ата Мекен» партиясындагылар жана адвокаттары үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.