Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы бүгүн, 4-июнда каралат.
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалды.
“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилерин айтты. Анын белгилешинче, Саляновага каршы көрсөтмөнү мурдагы атайын прокурор берген. Ал да кармалып, бирок тергөө менен кызматташарын айткандан кийин үй камагына бошотулган. Экс-депутат Асия Сасыкбаева Аида Салянова ооруп жатканын айтып, кичинекей кызы да бар экенин айтып, бул нерсе туура эмес экендигин белгилейт.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. Анын ишине байланыштуу бардык тиешеси бар адамдар суракка чакыртылып жатат.
Сүрөт интернеттен алынды