Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Манасбек Арабаевди 2-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек.
Сүрөт интернеттен алынды