Ташкент шаарынын ИИББдин бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жана “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы менен ИИМ министри таанышты

Окуялар тизмеги 03 Июн 2019 09:52
0 ой-пикир

ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев Ташкент шаарынын ИИББдин бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жана “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты, — деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 2019-жылдын 1-июнь күнү КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн Ички иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышып жатышкан башка делегациянын башчылары менен бирге Ташкент шаарынын Юнусабад районунун 7-ички иштер бөлүмүнө барышты. Аталган Ички иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна Кыргызстандан сырткары, Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары катышып жаткандыгын эскертебиз. Ташкенттик кесиптештер делегациянын башчыларын шаардын ИИББдин бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жана ишинин тажрыйбасы менен тааныштырды.

2018-жылдан баштап, Өзбекстандын шаарында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кире баштаган. Конокторго геомаалыматтык технологияларды колдонуу менен жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын, өрт коопсуздугу кызматынын, кайгуул-күзөт кызматынын жана башка кызматтардын иш-аракетин жөнгө салган “Коопсуз шаар” кырдаалдарды башкаруу борборунун уюштуруу ишин көрсөтүп чыгышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, коомчулуктун күчтөрүн бириктирүүгө максатталган жана жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүүгө, кылмыштарды жана укукбузууларды болтурбоого багытталган ички иштер органдарын реформалоонун жыйынтыгы менен таанышып чыкты.

Ташкентте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үч этапта өтөт. Долбоордун биринчи этабы (2019-жылга чейин) Ташкент шаары боюнча видеокөзөмөлдөөнүн, видеоаналитиканын копмлекстүү тутумун жана кылмыштар жана кырсыктар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу менен каттоонун автоматташтырылган тутумун түзүүнү камтыйт. Экинчи этапта 2019-жылдан 2021-жылга чейин “Коопсуз шаар” Өзбекстандын облустарынын борборлорунда жана ири шаарларда ишке киргизилет. Үчүнчү этапта 2021-жылдан 2023-жылга чейин бул комплекс бүт өлкөнү камтыйт.

Бардык шаардык кызматтар кылмыштар жана кырсыктар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу жана каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кирип, бардыгында бирдей номур-“112” болот. Андан сырткары, Ташкентте тануунун жана онлайн төлөөнүн алдыңкы технологияларды колдонуу менен автоунаа транспорттору үчүн коомдук интеллектуалдык токтотуучу жайлар долбоору ишке кирүүдө.

Ички иштер министрликтеринин башчыларына долбоордун алкагында ички иштер органдарынын, Улуттук гвардиянын, коомчулуктун каражаттары жана күчтөрү менен кантип күнү-түнү күзөттөө киргизилип жаткандыгын айтып беришти.

Ташкент шаарынын Юнусабад районунун 7-ички иштер бөлүмүндө Кашкар Джунушалиев кайгуул-күзөт кызматынын, жол-кайгуул кызматынын, атайындаштырылган бөлүмдөрдүн, өрт жана тез медициналык жардамдын нөөмөт экипаждары, андан сырткары өзбек кесиптештерибиздин жаңыдан киргизилип жаткан башка жаңылыктар, анын ичинде жарандардын көйгөйлөрүн чечүүдө, укук бузган иш-аракеттерди алдын алууда коомчулук менен бирге кызматташуунун жаңы механизмдерин киргизүүгө кызыкты.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.