Парламенттик шайлоо системин өзгөртүү сунушталууда

Окуялар тизмеги 03 Июн 2019 18:27
0 ой-пикир

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорундагы юридикалык түшүнүктөр бөлүгүндөгү «консулдук округ» түшүнүгүн алып салууну, кошумча тизме дегенди токтотуу зарылдыгын сунуштады. Ал эми, депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору «чийки» деген көз карашы менен бөлүштү. Анын айтымында, мыйзам долбоору коомчулук талап кылган принциптерге дал келбейт. Ошону менен катар И.Масалиев долбоорго шайлоо босогосун 5%га түшүрүү, шайлоо жыйынтыгында 3% добуш алган партияларга 5 мандатты бөлүштүрүп берүү керектигине бир катар жүйөлөрдү келтирди. Мындан сырткары, И.Масалиев эгер мамлекеттик кызматкер шайлоого барса кызмат ордун толугу менен таштап баруусу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн депутат Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, 9%дык босогону калтыруу керек дейт. Анткени, мындай шартта парламентке чындап эле элдин колдоосуна ээ болгон чоң партиялар келет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.