Мамлекеттик тилдин кабыл алышына — зо жыл

Окуялар тизмеги 03 Июн 2019 10:41
0 ой-пикир

Быйыл «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Учурда тиешелүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп жатат. Ал 21-июнга чейин планын түзүп, бекитиши керек.

Өкмөттүн буйругунда белгиленгендей, мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт.

Уюштуруу комитеттин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова башында туруп, жетектөөдө. Анын орун басары — президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынып, 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө” жөнүндө жарлык чыккан. Буга чейин айрым кызматкерлер мамлекеттик тилден «Сабаттуу бол» аталышындагы жалпы республикалык жат жазуу өнөктүгүнө катышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тил күнү Кыргызстанда 23-сентябрда белгиленет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.