Өмүрбек Текебаев дарыланууда

Окуялар тизмеги 03 Июн 2019 10:15
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пландалган дарылануу курсунан өтүп жатат, абалы жакшы.

Ал жүрөктүн жана омуртка тутумунун иштөөсүнө жана кан басымынын жогорулашына байланыштуу диагноздор боюнча дарыланууда.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолушун саясий куугунтук катары баалап келишет.

31-майда партия лидери №47 абактан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.