“Азаттыкка” компроматты ким берген? Иликтөөнүн изи менен – фактылар, божомолдор, серептер

Аналитика, Статьялар 03 Июн 2019 16:56
0 ой-пикир

«Азаттыктын» журналисттери 2011-жылдан 2017-жылга чейин ар түрдүү жолдор менен Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткени тууралу иликтөө жүргүзүшкөн. Алар бул каражаттар Матраимовдор менен байланыштуу экенин баса белгилешкен.

Кыскача баян

Иликтөө тууралуу видеосюжетте “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов «Абдыраз» фирмасы жана Кытай жараны Айэркина Саймати аркылуу чет жакка 250 миллион доллар которулганы тууралуу “банктык төлөмдөрдү” көрсөттү. Саймати жанан анын жубайы Вуфули Бумайлиям (Кытай жараны) Түркиядан Исмаил Матраимов атындагы фондуна 2 миллион доллардан ашуун каражат которушкан. Саймати болсо алдамчылык үчүн (кимдир бирөөдөн 3 миллион доллар алып, кайтарып бербей жаткан имиш) 2017-жылдан бери эл аралык издөөдө. Ошондой эле журналист баштыктарга таңылган таңгактарды жана алтынга окшогон куймаларды көрсөтүп, болжол менен ал Кыргызстандан чек ара менен курьерлер аркылуу ташылып кеткенин билдирди. Банктык документтерге ылайык, миллиондор дүйнөдөгү 13 өлкөгө негизинен аталышы “АКА” деп башталган компанияларга которулган. “Азаттык” билдиргендей, AKA Petroleum GMBH жана AKA IMMOBILIEN GMBH деген компаниялар Матраимовдорго байланыштуу, бирок алар эки башка адамга катталган. Атап айтканда, Мюнхенде каттоодон өткөн AKA Petroleum GMBH компаниясынын негиздөөчүсү Хабибула Абдукадыр жана Кудрат Нурмамат аттуу кишилер. AKA Petroleum GMBH Кыргызстанда Касым Курбанов деген киши менен бирге АКА Минеразл энд Майнинг компаниясын негиздешкен. 2017-жылы бул фирма Хуавэй менен бирге “Коопсуз” шаар долбоорун ишке ашырууну каалаган, бирок иш оңунан чыкпай Сапар Исаковдун Өкмөтү АКА Минеразл энд Майнинг жана Хуавэй менен иштөөдөн баш тарткан. Мындан сырткары АКА Минеразл энд Майнинг “Мегакомду” алууга да аракет кылган. Аны менен катар эле AKA Petroleum GMBH Жалал-Абад облусундагы сурьма чыккан Касан казынасын иштетүүгө 2014-жылы «Терексай жаштары» фирмаы аркылуу лицензия алган. Дагы бир Мюнхенде катталган фирма AKA IMMOBILIEN GMBH 2017-жылга чейин Кыргызстандагы «АвтоСтолица» ЖЧКсынын ээси болгон. Бул фирманын негиздөөчүлөрүнүн бири Искендер Матраимовдун жубайы — Минавар Жумаева болгон. «АвтоСтолица» ЖЧКсы Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн ижарага жер алган, ал жерде учурда «Эльдорадо» соода борбору жайгашкан. Ал жердеги кеңселердин бирине жакында эле «Супер-Инфо» гезитинин редакциясы көчүп барган. Эл арасында Матраимовдор ал гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султандан гезитти 2 миллион долларга атып алган деген кептер айтылып келет. Мындан сырткары, “Азаттыктын” иликтөөсүндө Матраимовдор түштүк бажы аркылуу Кытайдан Өзбекстанга жүк ташууну монополизация кылып алышканын айтып чыкты.

Nota bene.

“Азаттыктын” журналисти көрсөткөн баардык банк операциялары 2011-жылдан 2017-жылга чейин жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, Атамбаев президент болуп турган маалда. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бажы кызматын жогорку жак көзөмөлдөп турат жана миллиондогон “жең ичинен алган акчаларды” өлкөдөгү биринчи адамдын уруксаты жок алууга мүмкүн эмес. Анын үстүнө иликтөөдө көрсөтүлгөн убакта бажы кызматынын төрагасы Атамбаевдин жакын санаалашы Кубанычбек Кулматов болгон. Бийликтин уруксаты жок жана жогорку жактын көзөмөлүсүз Райымбек Матраимов миллиондогон суммаларды кымырган коррупциялык схема түзө алмак эмес.

Ким жана эмнеге “Азаттыкка” компромат берген?

Бул суроого бир нече жооп бар жана бул божомолдор иликтөөдөн дагы кызыктуураак.

№1-божомол

Компроматты бийликтин көрсөтмөсү менен атайын кызматтар беришкен, себеби Жээнбековдор Матраимовдон кутулуу үчүн бул темирдей бекем себеп болду.

Бул божомолдорго төмөнкү фактылар далил:

Банк документтери жана алтынга окшош куймаларынын сүрөттөрү жана пачкалаган акчаларды журналисттерге коррупциялык схемаларга тиешеси барлар, балким курьердик кызматты аткаргандар берген. Же болбосо тиешелүү түзүмдөрдүн кызматкерлери, тактап айтканда, финансылык чалгындоонун же УКМКнын кызматкерлери.

Банк документтерин банк кызматкерлери жана кардарлар гана ала алышат. Ошондой эле эгерде укук коргоо органдары кат жөнөтсө, анда банк маалымат берүүгө милдеттүү, бирок журналисттердин талабына баш ийишпейт. Маалымат алууга негиз да болушу керек. Болбосо бул банктын сырын ачуу болуп саналат жана ал үчүн жоопкерчилик каралган.

Бирок 20 миң доллардан жогорку суммада транзакция болсо банк финансылык чалгындоо кызматына маалымат берип, алар факт боюнча иликтөө жүргүзүүсү зарыл.

Жээнбековдордун Матраимов менен байланышы бар окшойт. Бирок алар канча жакын экенин аңдоо кыйын. Азырынча Матраимов тарап Жээнбеков тараптан кимдир бирөө алардын үйүнө келип чай ичкенин айта элек. Бирок Жээнбековдор Матраимовдорго милдеттүү да болушу мүмкүн. Мисалы, президенттик кампания учурундагы ар тараптуу жардамы үчүн. Ошондуктан ыраазычылык сезими болгон үчүн дагы Сооронбай Жээнбеков Райым Матраимовго каршы иликтөөнү баштабай жатабы деген ой жаралат. Бирок Матраимовдорго каршы жасалып жаткан кара пиар Жээнбековдун рейтингин түшүрүүдө. Жээнбеков мунун билет жана түшүнүп турат Ошондуктан, эгерде Жээнбеков Райымдан кутулуунун жолун тапса, анда аны кылат. Буга бир себеп “Азаттыктын” иликтөөсү болушу мүмкүн.

№2-божомол

Премьер-министрди отставкага кетириш үчүн компроматты бийликтин тапшырмасы менен атайын кызматтар берди.

Бул социалдык тармактарда эң көп талкууланып жаткан божомол. Бирок бул максат күмөн жаратат. Мухаммедкалый Абулгазиеди «КТ Мобайл» менен байланышкан чуунун жыйынтыгы менен деле отставкага кетирсе болот.

№3-божомол

Компроматты биздин эмес, америкалык, россиялык же казакстандык атайын кызматтар берди.

Албетте, бул божомолдор “Азаттык” АКШнын Мамдепартаменти тарабынан каржыланганынан улам айтылууда. Бирок Американын Матраимовдордун кланы менен эмне иши бар? Бул чууда орустардын дагы кызыкчылыгы жок. Журналисттерге маалымат берүүдө казакстандык атайын кызматтардын тиешеси болушу мүмкүн. Себеби Атамбаев Елбасынын дарегине ачуу сөздөрдү айтканда казак тарап айрым антиатамбаев долбоорлорун каржылаган жайы бар, бул жолу дагы балким, казактар бул абалдан пайдаланып экс-президентке каршы кадам жасашкандыр. Себеби “Азаттык” айткан маалыматтардын баары Атамбаев президент болуп турган учур менен дал келип жатпайбы.

№4-божомол

Компроматты журналисттердин колуна Атамбаев берген. “Азаттык” берген маалыматтардын баары Атамбаев президент болуп турган маалыматка туш келгени менен ал арты кандай болорун ойлонбошу да мүмкүн. Же бул маалыматтардын ага тиешеси болбойт деп катуу ишенген, себеби антирайым кампаниясы өз дивиденддерин алып келди. Райым Матраимов Атамбаевдин учурунда иштегени, ал эми Жээнбековдун башкаруусунда бир күн дагы иштебегени экинчи планга кетип калды. Учурда эл бул тууралуу эстеген да жок. Эң башкы сокку Жээнбековго тийүүдө: “Райым Матраимов кантип байыганы боюнча текшерүү эмнеге жарым жылга созулуп жатат” деген нааразычылыктар көп болууда. Бул коомчулук Жээнбеков Матраимовду калкалап жатат деп ойлоп жатканынан кабар берет. Демек, Жээнбековдун аброюна шек келтирүү үчүн Атамбаев ортомчулар аркылуу журналисттерге компромат берген. Балким, кагаздар Икрам Илмияновдо болчу, себеби ал өз учурунда, Атамбаев президент болуп турган маалда ал бажыдан түшкөн акчаларды көзөмөлдөп, Ак үйдүн 7-кабаты тарапка ташып турчу деп айтылып жүрөт. Балким документтер Абдиль Сегизбаевде болчу. Муну айтып жатканыбыздын себеби Сапар Исаков камакта жатып дагы “өз убагында” билдирүү таратып жатат. Фактылар көп болбосо дагы эмоцияга толгон билдирүүлөр Жээнбековго каршы иштөөдө. Эл эстеп калган бир нерсе – Матраимовдор менен байланышы бар капчыгы калың адам президенттин күзөтчүсү менен жолугуп, аны кабыл алууну өтүнүп жатканы, Исаковго Жээнбеков чалганы. Демек, мына Матраимовдор менен Жээнбековдордун байланышы. Атамбаев “Азаттыкка” маалымат бергени тууралуу божомол Атамбаевдин командасы Жээнбековдукуна караганда маалыматтык айдыңда өтө ыкчам иштегендигинен дагы улам айтылууда.

Окуя кандай өнүккөнү тууралуу сценарий.

· Бийлик бул тема боюнча үн катпаганга аракет кылат. Бул убактылуу жардам бериши мүмкүн. Жай, ысык, депутаттардын каникулу жана эмгек өргүү. Бирок күзгө жакын Райым темасы кайра жанданып, аны чечүү керек болот. Атамбаевдин командасы бул теманы унутта калтырбайт.

· Бийлик коомчулуктун көңүлүн медиа аркылуу башка нерселерге бурууга аракет кылууда (бирок президенттин пиар-командасы алсыз экенин эске алуу керек). Анын үстүнө Атамбаевдин саясий технологдору Райым-миллионду Жээнбековго “чаптап” жатканда “сасык балык” ыкмасын колдонушту. Кара пиарды мыкты колдоно билүү

психологиялык жактан күчтүү таасир берет дагы ал каралоого ишенип алгандарды кайра туура жакка багытташ алда канча кыйын.

· Бийлик Райым Матраимовдун байлыктарын иликтеп жатканын билдирет. Балким, ага каршы кылмыш иши дагы козголушу мүмкүн. Медиа айдыңда премьер же президент финчалгындоо кызматына, Коррупцияга каршы кызматына ж.б. ишти тездетүү, жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди деген маалыматтар чыгып турат, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалбайт. Парламенттик шайлоого чейин эч кандай чара көрүлбөйт. Матраимовдор депутаттыкка талапкер болмоюнча же бул же тигил партияны каржылап жатканы ачыкталмайынча бийлик эч кандай чара көрбөйт.

· Балким, азыр “Азаттык” даярдаган иликтөө боюнча билдирүү даярдап жатабыз деген Матраимовдор башка саясатчыларга компромат даярдашат дагы коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурушат. Муну менен катар эле Ислам Матраимов Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетекчиси кызматынан кетет. Ал эми Искандер Матраимов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан кетет. Бул кландын айланасындагы чуунун басаңдашына алып келет.

· Президент комплекстүү иш алып барат. Ли Куан Юнун белгилүү принцибин карманат: “Коррупцияны жеңүү үчүн, ишти үч досуңузду камоодон баштаңыз. Сиз дагы алар дагы эмне үчүн экенин так билишет”. Муну ишке ашырган соң бажы тармагында кардиналдуу реформа жүргүзөрүн билдирет. Мисалы, Грузиядагыдай. Ал жакта бажы фискалдык орган болуп саналат.

Elgezit.kg. аналитикалык тобу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.