Зилалиевдин иши Биринчи Май райондук сотунда

Окуялар тизмеги 01 Июн 2019 16:07
0 ой-пикир

Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.

Айыпталып жаткан мурдагы вице-премьер-министр өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “мыйзамсыз түрдө камалганын айтып келет.

Мындан сырткары, мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге 2017-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен иш козголуп, үч жылга шарттуу соттолгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.