Жээнбеков Мекке шаарында өткөн саммитке катышты

Окуялар тизмеги 01 Июн 2019 14:54
0 ой-пикир

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабияга иш сапарынын жүрүшүндө Мекке шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган саммит уюмдун түзүлгөнүнүн 50 жылдыгына арналып өтүп жатат.

Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмуна 1992-жылы кошулган. Бирок 2011-жылы уюмдун уставына кошулуп, жогорку деңгээлдеги жыйындарына катышып келет.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабияга 31-майда барган. Сапардын жүрүшүндө аталган өлкөнүн падышасы Салман бин Абдел Азиз менен жолугары кабарланган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.