УКМК милициядан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

Окуялар тизмеги 01 Июн 2019 16:52
0 ой-пикир

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 30-майда УКМКнын кызматкерлери Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, К.Р. жана Москва райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкери К.К.бны мылтык, ок-дары жана жасалма мамлекеттик номерлерди бирөөлөргө берип жаткан жеринен кармашкан.

Кармалган кылмыштуу топ чет өлкөдөн дүңүнөн товар ташып келген ишкерлерди жана аткезчилик жол менен 5 миллион доллар акча каражаттарын ташыгандарга карата кол салууну пландап жатышкан.

Колго түшкөндөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.