Экс-президент Роза Отунбаева 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата атайын макала жазып, балдардын билим алуусу жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ал жазган макалада өлкөдөгү 3 жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта, керектүү тамак-аш, витамин менен камсыз болбой жашап жатканы тууралуу айтылат.
“Бүгүн 20 миңге жакын бала жакырчылыкта жашап жатат. Алар айына 1420 сомго бааланган тамактануу үчүн керектүү рационду алууга мүмкүнчүлүгү жок дегенди билдирет”, — деп жазган Роза Отунбаева.
Буга байланыштуу экс-президент өкмөт, жарандар менен биргеликте жакырчылыкта жашап жаткан балдардын турмуш-шартын оңдоп, алардын тамактануусу, саламаттыгы жана билим алуусуна керектүү шарттарды түзүү зарылдыгын билдирген.
Сүрөт интернеттен алынды