«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча бүгүн депутаттык комиссия жыйынтоочу чечим кабыл алат

Окуялар тизмеги 31 Май 2019 10:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-майда  Жогорку Кеӊеште  «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтоочу отуруму болот.

Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирген.

Эске салсак, «КТ Мобайл» чыры  боюнча бир катар жетекчилер кызматынан бошотулган.

Сүрөт интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.