Депутат Абылкайыр Узакбаев кийинки шайлоого катышпайт

Окуялар тизмеги 31 мая 2019 13:09
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү Прогресс» партиясынан депутаты Абылкайыр Узакбаев кийинки шайлоого катышпай тургандыгын Еlgezit.kg басылмасына маалымдады.

Эл өкүлүнүн айтымында, депутаттык иш ага дал келе турбагандыгын жана ал башка иштер менен алектене тургандыгын белгилейт.

Абылкайыр Узакбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде ийгиликтүү иштеп жатат.

2005-жылдан тартып ал Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында айыл өкмөтү болуп 2011-жылга чейин иштеген.

Сүрөт интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.