ВИДЕО: Укук коргоо органдарына арналган «Я помню» (Эсимде) аталышындагы романынын бет ачары болуп өттү

Окуялар тизмеги 30 Май 2019 13:33
0 ой-пикир

2019-жылдын 30-майында “Дордой Плаза” соода-оюн-зоок борборунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине арналган “Я помню” ( Эсимде), романынын бет ачары болуп өттү. Романдын автору СССР жана Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, актёр, сценарист, ойчул адам Болотбек Шамшиев.

Салтанаттуу аземде укук коргоо органдарынын (УКМКнын, Башкы Прокуратуранын, Жогорку соттун, ИИМдин) ардагерлери жана өкүлдөрү катышты. Ошондой эле, иш-чарада укук коргоо органдарында узак убакыттан бери кызмат өттөп, эмгеги сиңген инсандар, ИИМдин жетектөөчүлүк курамы, андан сырткары башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы чогулушту, — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Аземде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: “Чыгармада согуштан кийинки оор кырдаалды кандай чеберчилик менен тереңдетип бергенсиз, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматындагы кыйынчылыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн ден соолугун, жеке керт башын ойлобостон акыркы күчүнө чейин алпурушуп келгенин мыкты чеберчилик менен сүрөттөп өткөнсүз. Романда каармандарды сүрөттөөдө сиздин чыгармачылык ишиңиздеги тапкычтык чеберчилигиңиз менен белгилеп, алардын баатырдык өзгөчөлүктөрүн- өз элинин эр жүрөктүү, адилеттүүлүккө умтулган, кызматына берилгендик менен мамиле кылган, намыстуу жана абийирдүү балдарын так көрсөтө алгансыз. Сиздин чыгармаңыз жана анын башкы каармандары келечек жаштарды кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өздөрүнө окшош адилетүүлүктөн жазбаганга үндөйт. “Эсимде” чыгармасы милиция кызматкерлеринин келечек муундары үчүн колдонмо китеп болуп эскерткич катары кызмат кылып, күндөлүк кызматтында багыт көрсөтүп турат деген үмүттөбүз. Министрлик бүгүн китептин 100 нускамасын алууга даяр жана аларды билим берүү мекемелерине ошондой эле өздүк курамга тапшырып берет”.

Ачылышка чакырылган Ички иштер органдарынын ардагерлери китепти колдорунан чыгарбастан кармап, ыраазычылык сөздөрүн сүйлөштү.

“Эсимде” романы – жеке эле коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулук менен күрөшкөн биздин мекендештерибиз жөнүндө эскерүү эле эмес, ата-бабалардан келе жаткан каада-салттар менен өсүп келе жаткан муундардын билим алуусу үчүн мыкты окуу куралы болуп саналат.

Аземдин соңунда китептин автору Болотбек Шамшиев өзүнүн китебинин кыскача мазмунун тааныштырып кетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.