Президенттин эки өлкөгө болгон сапары башталды

Окуялар тизмеги 30 Май 2019 12:49
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-майда Индияга жөнөп кетти.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына катышат.

Моди бул кызматка экинчи жолу шайланды. Буга чейинки инаугурациясы 2014-жылы өткөн.

Ал эми 31-майда президент Жээнбеков Сауд Арабиясына падыша Салман бин Абдел Азиз ал-Сауддун чакыруусу боюнча барат. Кыргыз делегациясы Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун XIV саммитине катышат.

Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинин кезектеги сессиясы быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» урааны менен өтөт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.