Президент төрт министрди кызматка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

Окуялар тизмеги 30 Май 2019 14:46
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министри болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын башка Жарлыктарынын негизинде Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри, Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалышты.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен  Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Бул талапкерлердин бардыгын премьер-министр көрсөткөн. Парламент алардын кандидатурасын колдоп берген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.