Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министри болуп дайындалды.
Мамлекет башчынын башка Жарлыктарынын негизинде Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри, Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалышты.
Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Бул талапкерлердин бардыгын премьер-министр көрсөткөн. Парламент алардын кандидатурасын колдоп берген.
Сүрөт интернеттен алынды