Ошто өспүрүм бычактан каза болду

Окуялар тизмеги 30 Май 2019 15:33
0 ой-пикир

Каза болгон бала Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин окуучусу Самат Акматов болгон. Маркумду бычактаганга шектүү катары андан бир жаш улуу Д. у Н. кармалды.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, балдар бүгүн, 30-майда мектептен чыгып келе жатып, мектептен алыс эмес жайда жайгашкан дүкөндүн алдында өз ара айтышып кеткен. Натыйжада шектүү маркумду учтуу нерсе менен сайып жиберген.

Эске салсак, буга чейин 28-майда Бишкектеги №48 мектептин 9-классынын окуучусу ур-токмоктон кийин каза болгон. Бул факт боюнча Жазык кодексинин «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.