Жалал-Абад шаарынын мэри журналисттерди сөккөнү текшерилип жатат

Окуялар тизмеги 29 Май 2019 10:40
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев аралашты деген интернеттеги аудионун чоо-жайы текшерилип жатат.

Эске салсак, 28-майда интернет айдыңында  тараган аудиодо эки киши журналисттерди уят сөздөр менен сөккөнү, алардын шаарда жасалган иштер жакшы чагылдырылбай жатат деп айткандары жазылган.

Алар Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев менен Сузак районунун акими Эрмек Омошев болушу мүмкүн деген болжолдуу маалыматтар айтылган.  Ал эми Сузак районунун акими аталган аудио тууралуу комментарий бере элек.

Сүрөт интернеттен алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.