ВИДЕО: Парламент премьер-министр көрсөткөн талапкерлерди жактырды

Окуялар тизмеги 29 Май 2019 15:04
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматына Самат Кылжыевди, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды.

Алардын талапкерлигин бүгүн, 29-майда, депутаттарга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырды.

Эске салсак, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан бошогон. Ал эми айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов 24-майда иштен кетишкен.

Сүрөт жана видео интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.