Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү?

Окуялар тизмеги 29 Май 2019 13:44
0 ой-пикир

Парламентте бүгүн өкмөттөгү төрт бош кызматка сунушталган талапкерлерди карап жатат.

Алсак, Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Шамил Асымбековдун ордуна Самат Кылжыев, экономика министри кызматына Олег Панкратовдун ордуна Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Нурбек Мурашевдин ордуна Эркинбек Чодуев, ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына Бакыт Шаршембиевдин ордуна Дастан Догоев сунушталууда.

Алардын талапкерлигин көрсөткөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга өзү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Ал арада коомчулукта премьер-министр айла таппай, министрлерди алмаштырып жатат деген кептер айтылууда.

— Экономика министрлигинин негизги иши болгон инвестиция тартуу жаатында бир топ кемчиликтер болду. Айыл чарба министрлигинде экспортту өнүктүрүү боюнча коомчулукта узак убакыттан бери нааразычылыктар болду. Бул министрликте өкмөт бардык шарттарды түзүп берди, бирок натыйжа коом каалагандай болгон жок. Ал эми маалыматтык технологиялар жаатында жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам ишинен кетти. Муну өздөрү да сезишти деп ойлойм.

Абылгазиев сунуштаган талапкерлер колдоого алынса, алар иштин көзүн таап иштеп кете алабы деген суроо да жаралбай койбойт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.