Япония: Бычак көтөргөн жарандын колунан 2 адам каза болуп, 16 жаран жабыркады

Окуялар тизмеги 28 Май 2019 14:53
0 ой-пикир

Бүгүн, 28-майда Япониянын Кавасаки шаарында бычак көтөргөн киши автобус күтүп тургандарга кол салып, андан эки адам, анын ичинде бири окуучу кыз каза тапты. Кеминде 16 адам жараат алганы кабарланууда. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жабыркагандардын 13ү окуучу. Айрымдарынын абалы оор.

Кол салуунун себеби жана аны жасаган адам ким экени азырынча белгисиз.

Эки колуна бычак кармаган 40-50 жаштардагы киши окуядан кийин өзүнүн кекиртегине да бычак урганы, полиция кармап, ооруканага алып барган кезде алган жараатынан өлгөнү кабарланды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.