Сагынбек Абдрахманов: «КСДП шайлоого катышат»

Окуялар тизмеги 28 Май 2019 16:45
0 ой-пикир

Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйынында айтылды.

— Түштүктүн баарын кыдырып, кантип шайлоого катышарыбызды Токтогул, Аксыдан баштап Жалал-Абад, Ош, Баткенге чейин биздин баштапкы уюмдарды кыдырып, мүчөлөр, активдер менен жолугуп, 18-съезддин чечими менен тааныштырып жүрөбүз.

Абдрахманов партия учурда тазаланып, жаңыланып жатканын билдирүү менен бирге буга чейин өзү төрагалык кылган КСДПнын атынан эки адам жергиликтүү кеңешке депутат болуп барганын билдирген.

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп, юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Атамбаев экс-президенттин ишмердүүлүгү боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык гана партиянын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кеткен.

«Ал КСДПны жаш өнөктөштөрүнө өткөрүп берди. Бирок саясатта өзүнүн миссиясын аягына чыгара элек. Андыктан экс-президент саясий кеңеште буга чейинки саясий билдирүүлөрүнөн баш тартпай турганын жарыялады», — деди Кундуз Жолдубаева.

Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан. Анын ордуна төраганын орун басары Асел Кодуранова КСДПнын саясий кеңешинин 25-майдагы жыйынында шайланган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.