Президент үч өлкөнү кыдырат

Окуялар тизмеги 28 Май 2019 13:16
0 ой-пикир

Президенти Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, мамлекет башчы 28-29-майда Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. Сапар алкагында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

30-майда белгиленгендей, Сооронбай Жээнбеков премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Индияга иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ал эми, 31-майда Сауд Арабиянын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, “Келечек үчүн бирге” чакырыгы астында өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.