«Апрель айынын аягында өзүн Алмаз деп тааныштырган адам телефон чалып, Cabar.asiaнын журналисти экенин (Аналитикалык журналистиканын Борбор азиядагы бюросу) айтып, интервью алууга сүйлөшкөн», — дейт Рolitmer.kg и factcheck.kg интернет-ресурсунун журналисти Наргиза Нанакеева ага өзүн «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкеримин» деп тааныштырган адам келгенин билдирди. Бирок эртеси Нанакеева иштеген кеңсеге келип, өзүнүн аты Бакен экенин, УКМКда иштей турганын айткан. Бир сааттай сүйлөшүү учурунда саясатчылардын шайлоо алдында сүйлөгөн видео материалдары бар экенин айтып, кызматташууну сунуш кылган.
— Кеңсеге келгенде Рolitmer.kg эмне иш кыларын, саясатчылардын убадаларынын үстүнөн көзөмөл жүргүзө турганыбызды айттым, — дейт Наргиза Нанакеева. — Ал «Болот Темиров да ушул жерде отурат турбайбы, кеңсеңер чоң турбайбы» деп, кызматташуу тууралуу билдирди. Кийин 2-майда видео материалдарды даярдап койгонун, алып келип берерин айтып жок болуп кетти. Болжол менен 5-майларда мен катталган дарекке барып, «Наргиза Нанакеева ушул жерде жашайбы?» деп сурап кетиптир. Андан кийин биздин айылга, айыл өкмөтүнө УКМКдан чалып жатканын айтып, мен тууралуу, ата-энем тууралуу сураптыр.
Factcheck.kg сайты акыркы күндөрү журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келатат. Мында иштеген журналисттер саясатчылардын, аткаминерлердин декларациядагы жана ага кирбеген мүлкүн ачыкка чыгарган материалдарды жарыялоодо. Нанакеева «УКМК кызматкеримин» деп келген адам ушуга байланыштуу болушу мүмкүн экенин божомолдоодо.
Сүрөт интернеттен алынды