Алдоо аркылуу жер сатып жүргөн жаран колго түштү

Окуялар тизмеги 28 Май 2019 16:58
0 ой-пикир

Интернетте өзүн Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү катары тааныштырып, алдоо менен жер сатып жүргөн кылмышка шектүү кармалганын Жалал-Абад олустук ички иштер башмармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга Таш-Көмүр шаарынын тургуну өзүн Руслан Расулов деп тааныштырган кызматкерге Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринен жер тилкесин алыш үчүн 300 миң сомго жакын акчасын алдатканын айтып кайрылган. «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин натыйжасында Өзгөн районунун 39 жаштагы тургуну кармалган. Ички иштер министрлиги өзүн мамлекеттик кызматкер деп эсептеген кылмышка шектүүдөн жабыр тарткан башка тургундарды издеп жатат.

Кармалган адам 2015-жылы Жалал-Абад шаардык соту тарабынан «Алдамчылык» жана «Тоноо» беренелери менен 5 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Ага издөө жарыяланып, бирок мурда табылган эмес.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.