Жээнбековдун “Уотергейти” кандай болот?

Аналитика, Статьялар 27 Май 2019 09:50
0 ой-пикир

Түн. Мейманкана комплексинин күзөтчүсү имаратты карап жүрүп демократтардын кеңсесинин эшиги кыңайып ачылып калганын байкап калат. Ал кеңсени текшерип көрүүнү чечип, эшиктин бекиткичи скотч менен чапталып жатканын көрөт дагы бир нерседен шек санап баштайт. Ал полицияга чалат. Полиция кызматкерлери имаратка кирип, водопроводчуларды көрөт. Алардын жанынан демократтардын документтери табылат. Мындан сырткары, сырдуу “водопроводчулардын” жанында телефондор жана партиянын кызматкерлеринин байланыш номерлери болгон. Белгилүү болгондой, алар демократтардын кеңсесине мурда коюлган тыңшоочу аппаратты оңдогону келишкен.

АКШнын презденти Ричард Никсонду кызматтан кетирген “уотергейт чуусу” ушинтип башталган.

Кыргызча “уотергейт”

Атамбаевдин тарапташтары “Форумда” маалымат жыйынын өткөрүшүп, бийлик Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинеттерине тыңшоочу аппараттарды койгонун билдиришти.

Экс-президенттин командасынын мүчөлөрүнүн айтымында, УКМК бир нече жолу Атамбаевдин кеңсесинде тыңшоочу аппарат коюуга аракет кылган. Ошондой эле алар лидеринин телефонуна файлдарды жүктөп алууга мүмкүнчүлүк берген атайын программа орнотулган. Ошондуктан “Форумда” тиешелүү коопсуздук чаралары кабыл алынган. Атап айтканда, Атамбаев эми мобилдик байланыш менен колдонбойт жана анын кабинети атайын үн басаңдаткыч жабдуусу менен жабдылган. “Форумдун” кызматкерлерин тартып, маалымат алуу аракеттери бир нече жолу болгон, бирок эч ким буга макул болгон эмес.

Эмнеге бул олуттуу эмес:

· Маалымат жыйынында УКМК кызматкерлери тарабынан коюлган тыңшоочу аппараттын зымдары делинип журналисттерге көрсөтүлгөн зымдар кытайлар чыгарган узарткычка окшош экен. Интернетте чууну “удлинительгейт” деп да атап алышты. Техника өнүккөн заманда биздин “контора” Совет мезгилиндеги тасмалардагыдай эки жабдуу колдонгону кызык болду.

· УКМК кызматкерлери WhatsApp мессенджери аркылуу жазышып, алардын бетин жана унаасын видеокамерага тартуу ушунча оңой болгудай алар эмне ушунча тажрыйбасы аз кадрларбы?

· Экс-президенттин графигин билүү үчүн УКМК эмнеге “Форумдун” кызматкерлерин тартууга аракет кылмак эле? Учурда Атамбаев ким менен кайда жолугуп жатканын билүү үчүн атайын жеке кызматтардын жана атайын байкоочулардын жардамы менен эле билип коюу оорчулук жаратпайт.

· Эң башкысы, экс-президентти УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери кайтарып жатканда Атамбаевди тыңшап, кызматкерлерин тартууга эмнеге аракет кылышмак эле? (https://elgezit.kg/2019/05/24/proslushkagejt-kto-i-zachem-hotel-slushat-almazbeka-atambaeva/)

Тынчтыкка аргасыз кылуу

Маалымат жыйынын уюштургандар коомчулукта баарына Жээнбеков күнөөлүү деген пикир калтырышты.

“Албетте, мунун баарынын артында өлкөдөгү компетенттүү органдарды башкарган адам турат. Башкы бута – Алмазбек Атамбаев. Ал бир нече жолу Сооронбай Жээнбековго жолугуп сүйлөшүүнү сунуштаганын, бирок Жээнбеков баш тартып келген. Ал өзү баш тартып жатат. Сооронбай Шарипович Атамбаев менен каршылаш болуу маанисиз экенин түшүнмөйүнчө ал тупикте кала берет”,- деди Фарид Ниязов.

Ниязов Кыргызстандын укук коргоо системасынын көйгөйү баары президенттин колунда экендигин билдирип: “УКМКны реформалоо маселеси бышып жетилди – УКМКнын түзүмүндө Коррупцияга каршы кызматтын болушу комитетти дискредитация кылат”,- деди.

Ал эми Кундуз Жолдубаева КСДП Атамбаевдин өмүрү үчүн тынчсызданып жатканын билдирди.

Эмнеге бул олуттуу эмес:

· Акыркы жыйырма жылда Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө кол салуу аракети бир нече жолу болгон. Эң белгилүү болгондорун атай кетсек:

1. Аскар Акаевдин башкаруусу учурунда Атамбаев бир нече жолу анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө кол салуу даярдалып жатканын билдирген. Анын “башы” үчүн жогорку жетекчилик миллион доллар сунуштаганын айткан. Акаевдик режим учурунда эмнеге анын “башын” эч ким “кесип” келбегени түшүнүксүз. Себеби ошол учурдагы курска карасак, сунушталууда делинген каражаттын суммасы өтө эле ири болгон.

2. 2007-жылдын май айында Атамбаев премьер-министр, Бакиев президент болуп турганда Атамбаевди ууландырышканы боюнча окуя коомчулукка жайылды. Ошондо Фарид Ниязов Россиянын «Коммерсант-Ъ» гезитине Бек Орозалиев деген псевдоним менен жазып, абалды мындайча сүрөттөгөн: «Башында Бишкекте премьер айыккыс дартка чалдыкканы тууралуу ушактар тарады. Парламентте Атамбаев сүйлөп жатканда депутаттар анын өңү кубарып, жүдөп турганын айтышканда Алмазбек Атамбаев сенсациялык билдирүү жасаган: “Мени иш бөлмөмдө ууландырышты. Бир стакан суу беришти, ичкенден кийин эки күн эсимди жоготуп коюптурмун. Андан кийин эки жума бою канымды тазалатышты, азыр сиздердин алдыңыздарда турам, демек өзүмдү жакшы сезип калдым”, — деген. Таң калган депутаттар анын өмүрүнө ким кол салышы мүмкүн экенин сурашканда, Алмазбек Атамбаев: “Менин учурда душмандарым көп окшойт. Таарынгандар көп болсо керек. “Кристалл” заводун улутташтырууга аракет кылганым үчүн мага карата коркутуулар болууда”,- деген. Ошондой эле кол салууга экс-премьер жана оппозициянын лидери Феликс Кулов дагы тиешелүү болушу мүмкүн экенин билдирген. “Мен эми кетпейм, тирүү калсам коррупция менен күрөшүү боюнча пландарымды ишке ашырууга аракет кылам”,- деген Атамбаев тирүү гана болбостон дагы деле аны кимдир-бирөө өлтүргөнү жатканын кайталап келет.

3. Душмандар Атамбаевдин өмүрүнө 2009-жылы, президенттик шайлоо кампаниясынын алдында, жайында кол салышкан. Ал кезде Атамбаев түштүктө шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатып, бутуна араң туруп, тили дагы булдуруктап турган. Мындан кийин Исмаил Исаков жана Эмиль Каптагаев маалымат жыйынын өткөрүшүп, Атамбаев нервге таасир берүүчү зат менен ууландырылганын, натыйжада тили так болбой жатканын билдиришкен.

4. Атамбаевдин артынан “аңчылык” 2010-жылы 7-апрель окуяларынан кийин дагы уланган.

“Менин башымдын баасы бир миллион доллардан бир жарым миллионго жогорулаптыр”,- деген Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев «Вечерний Бишкек” гезитинин 2010-жылдын 16-июнундагы санында окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып.

· Коррупцияга каршы кызмат тууралуу. Коррупцияга каршы кызмат 2012-жылы түзүлгөн. Атамбаев президент болуп турган маалда президенттин администрациясы күч органдарын башкарып, Коррупцияга каршы кызмат болсо коррупция менен күрөшпөй эле оппозиционерлерди куугунтуктоо менен алек деп күнөөлөп келишкен. Бирок Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүн Өкмөткө өткөрүп берген эмес.

· Атамбаев менен болгон каршылашуу Жээнбековдун күнөөсү эмес. Бул конфликтти ал баштаган эмес. Жээнбеков партиялашынын дарегине жаман сөздөрдү жаадырган эмес. Жээнбеков коомдун пикирин башкарууга аракет кылып ушак тараткан эмес. Жээнбеков бир гана Атамбаевдин алдында куурчак болгусу келген жок, өзүнүн президенти аркылуу өлкөнү башкарууга аракет кылган Атамбаевге башкарылбай койду. Атамбаевдин Жээнбековду каралап, ага каршылаш болуп баштаганына дал ушул факт себеп болгону карапайым калкка дагы, эксперттерге дагы айдан ачык белгилүү болуп турат. Эми болсо Атамбаевдин тарапташтары президент экс-президент менен жолукпай жатат деп күнөөлөшүүдө.

Эмнеге азыр Кыргызстанда “Уотергейт” болбойт?

Ар бир президенттин өзүнүн “уотергейти” бар. Масштабдуу, локалдуу, ар түрдүү варианттарда, сөзсүз эле импичментке алып келбейт деңизчи, бирок анын саясий тагдырына таасир тийгизет. Эртеби же кечпи жооп берүү керек болгон “уотергейт”. Бирок Атамбаевдин “удлинительгейти” албетте, Жээнбеков үчүн “уотергейт” деле эмес. Биринчиден, саясий аброй тууралуу айта турган болсок, Атамбаев ал фигура эмес. Интернеттегилер Атамбаевдин тарапташтарынын маалымат жыйынына кандай реакция кылганын көрүү эле жетиштүү. Жаңы чууну ойлоп тапкандарды шылдыңдап жатышат. Атамбаев жана анын тарапташтары коомчулукту көп алдап, башкарып келишкендиктен, азыр эми коомчулук алардын өрт чыкканы тууралуу маалыматына чыныгы түтүндү жана отту көргөндөн кийин гана ишенишет. Экс-президент жана Ко абалды бир аз курчутууну каалашты, бирок “коррупция менен күрөш жүрбөй жатканы”, “Райым миллион” сыяктуу маалыматтар баарын жадатып, чектен ашып кетти.

· Жээнбеков болсо алакан жайып отурбашы керек. Себеби ага карата болгон лоялдуулук мезгили өттү. Көзгө көрүнөрлүк реформа жок, кадр саясаты алсыз болууда. Ошондуктан Жээнбеков алсыз болгон сайын Атамбаев күчтөнүүдө. Албетте, Атамбаевдин КСДП лидерлигинен кетиши ал чоң саясаттан кетти дегенди билдирбейт. Атамбаев эскерүү жазып, неберелерин багып жөн эле отура берчү киши эмес.

· Бирок артка кетүү дагы байкалган жок. Атамбаевдин тагдыры Жээнбековдон көз каранды болсо, анда Жээнбековдун тагдыры Атамбаевден көз каранды эмес. Баары президенттин өзүнөн жана саясий эркинен көз каранды.

Elgezit.kg сайтынын аналитикалык тобу

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.