Ысык-Көл: Бүтүрүү кечесинде 170 айдоочуга протокол түзүлдү

Окуялар тизмеги 27 Май 2019 10:27
0 ой-пикир

Ысык-Көлдө акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелери өткөн күнү беш айдоочу кызуу жана мас абалында кармалды. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдиргендей, облуста 25-майда жол эрежесин бузган 170 айдоочуга протоколдор толтурулду. Ошондой эле, жыйырмадан ашуун автоунаа айып токтотмого коюлду.

Спирт ичимдиктерин ичип рулга отурган айдоочулар мектеп бүтүрүүчүлөрүбү же 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларга келгендерби, анысы так айтылган жок.

Кыргызстанда 25-майда мектепти бүтүрүү кечелери, «Акыркы коңгуроо» салтанаттары өттү. Бул күндү утурлай жана андан кийин мурда мектепти аяктагандардын жолугушуулары да болду.

Буга чейин мектепти бүтүрүүчүлөрдүн машине айдаганы, жол кырсыгына кабылган учурлары катталган.

Сүрөт интеренттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.