Жогорку соттун мурдагы төрайымы Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жоктугун айтты

Окуялар тизмеги 24 Май 2019 14:30
0 ой-пикир

Бул тууралуу Жогору соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева «Азаттыкка» 24-майда билдирди. Ал Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жоктугун, мындан кабары болбогонун айтып, бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жаткандыктан, комментарий бербей турганын кошумчалады:

-Мен бул ишке эч киришкен эмесмин. Мен бул ишке киришпесем, кандай моралдык жоопкерчилигим болушу мүмкүн? Мен өзүмө ишенем, бул ишке тиешем жоктугуна ишенем.

Феруза Жамашева 2012-15-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Анын алкагында ошол кездеги бир катар жогорку кызматта иштегендер, кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

Бул ишке тиешеси бар деген шек менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов 21-майда кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Булак: Азаттык

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.