Депутат жол эрежесин 3 жолу бузуп айыппул төлөдү

Окуялар тизмеги 24 Май 2019 14:03
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров кесиптештерине унаасы 3 жолу «Коопсуз шаар» долбоорунун камерасына түшкөнүн айтып берди.

Депутат «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда: «Мартта унаа менен Ошко барып, жолдо 3 жолу камерага түштүм. Камера бар экенин билген эмесмин, алар орнотула элек деп ойлогом. Кичине эреже бузгам. Өзүм чуркап барып, айыпты төлөдүм. Камера менен сүйлөшө албайт экенбиз да, буга чейин тескөөчүлөр кечирип коюшчу», — деди.

Эл өкүлү долбоор жалпылап айтканда жакшы иштеп жатканын кошумчалай кетти.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.