Экс-министр Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды

Окуялар тизмеги 23 Май 2019 10:29
0 ой-пикир

Азиз Батукаевди абактан бошотууга байланышы бар деп камакка алынган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды. Бул маалымат тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

22-май күнү Биринчи май райондук соту Динара Сагынбаеванын баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, 14-майда суракка чакырылган. Экс-министр Динара Сагинбаевага карата бүгүн, 16-майда баш коргоо чарасы тандалган. Ал 2 айга СИЗО-1 мекемесине камакка алынганын судья жарыялаган эле.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.