Азиз Батукаевди абактан бошотууга байланышы бар деп камакка алынган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды. Бул маалымат тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
22-май күнү Биринчи май райондук соту Динара Сагынбаеванын баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.
Эскерте кетсек, 14-майда суракка чакырылган. Экс-министр Динара Сагинбаевага карата бүгүн, 16-майда баш коргоо чарасы тандалган. Ал 2 айга СИЗО-1 мекемесине камакка алынганын судья жарыялаган эле.
Сүрөт интернеттен алынды