ВИДЕО: УКМКнын кызматкери 50 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Окуялар тизмеги 21 Май 2019 10:04
0 ой-пикир

Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пара менен кармалган кызматкерине кылмыш иш козгоду. Сотко чейинки өндүрүш иши 16-майда башталганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, М.Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылып, УКМКнын кызматкери Н.А. кылмыштын изине түшүүнү токтотуу үчүн 350 000 сом талап кылганын айткан.

«М.Ю.нун көрсөтмөсү боюнча Н.А. 15-майда арыз жазган адам менен жолугуп, музейден кымбат сүрөт уурдап кеткени боюнча ага карата УКМК кылмыш иш козгонун айтып, ошондой эле башка арыздар боюнча бардык текшерүүлөрдү токтотуу үчүн 350 миң сом талап кылган. 17-майда саат 14:40 чамасында Аскер прокуратурасы УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы менен бирге ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп, Бишкектеги музейлердин биринин директорунун иш бөлмөсүндө 50 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМКнын башкармалыгынын ыкчам кызматкери Н.А. колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүгө карата Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иш козголуп, Бишкектеги аскер кызматкерлеринин камак үйүнө киргизилип, тергөө улантылып жатат.

Булак: Баракелде

Сүрөт, видео интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.