Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл Меккеге барат

Окуялар тизмеги 21 Май 2019 13:14
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алганын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиришти.

Элчи менен жолугушууда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелери боюнча сөз болгон.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине Сауд Аравиянын королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Жээнбеков өз кезегинде чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, саммитке барып катышарын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.