Зеленский Раданы таратат

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 16:54
0 ой-пикир

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский Жогорку Раданы тарката турганын билдирди. Бирок ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо качан өтөөрүн так айткан жок.

«Мен Жогорку Раданын 8-чакырылышын таркатам»,-деп билдирди Зеленский өзүнүн инаугурациялык сөзүндө.

20-майда парламентте ант берип, президенттик кызматка киришкен Зеленский депутаттар Украинанын башкы прокурору, коргоо министри жана коопсуздук кызматынын башчысы сыяктуу бир катар жогорку кызматтагы адамдарды иштен кетирип, эки айдын ичинде шайлоого байланыштуу бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алышы керек экенин белгиледи.

Украинанын Конституциясына ылайык, парламентти таркатуу тууралуу чечим жарыялангандан кийин эки айдын ичинде чукул шайлоо өтүшү керек. Мурдагы планга ылайык, өлкөдө парламенттик шайлоо күзүндө өтүшү керек болчу.

Өткөн аптада украин парламентиндеги башкаруучу коалиция ыдыраган. Оппозициячыл күчтөр Конституция парламентке жаңы коалиция курап чыгууга 30 күн убакыт берерин, бул убакыт маалында президент Жогорку Раданы тартката албай турганын билдиришкен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.