Өзүнүн портретин көрүүнү каалабаган президент

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 16:11
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-майда Владимир Зеленский Украинанын Президентинин кызматына киришип жатып, алдыдагы 5 жылда эч бир украиналык ыйлабай турганына убада берди. Ошондой эле ал өзүнүн портретин кабинеттерде көрүшүн каалабай турганын кошумчалады:

“Мен портретимдин сиздердин кабинетиңиздерде илинип турушун каалабайм, менин сүрөтүмдүн ордуна балдарыңыздардын сүрөтүн илип алып, ар бир чечим кабыл алаарда балдарыңыздын көзүнө карашыңызды каалайт элем”,- деди Зеленский.

Владимир Зеленский сөзүнүн акырында Жогорку Радага кайрылып “тезинен депутаттарды жана чиновниктерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алынсын” деген буйрук берилди.

Кыргыз жергесиндеда ушундай көрүнүш айтылса жакшы болмок. Азыркы учурда канчалаган мамлекеттик мекемелерде портреттер илинип турат. Эгер бул нерсе жоюлса, бюджетке бир канча акча каражаттары үнөмдөлмөк.

Интернет айдыңында портреттин баасы 600 сомго бааланган. Толгонай Стамалиеванын айтымына караганда, бул сүрөттү алууга эч кимди мажбурлашпайт. Бирок, ушул бекитилген сүрөттөн башка сүрөттү колдонууга тыю салынган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.