Сот экс-мэрлерди камакта калтырды

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 15:16
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту бүгүн, 20-майда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун ишин кароону улантып, жыйынтыгында мурунку мэрлер камакта калтырылыды.

Мурдагы эки аткаминер мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдиргендей, жараянда адвокаттар алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу жана кылмыш иштерин бөлүү тууралуу өтүнүч келтиришти. Сот бул өтүнүчтөрдү четке кагып, анын чечими менен экөө тең абакта калды.

Жактоочулар мурдагы эки мэрдин тергөө абагында кармалышы мыйзамсыз деген негизде аларды үй камагына бошотууну суранып келишет.

2-майда Бишкектин Ленин райондук соту алардын тергөө абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Сот бул эки ишти бириктирип карап жатат. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.