Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкташты, — деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 2000-жылы туулган М.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнө (топтошуп жасалган бейбаштык) айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган.
Ал мыйзамсыз иш-аракетти 2017-жылы августта өзүнүн достору менен биргеликте бейбаштык кылышып, коомдук тартипти жана коомдо жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин одоно бузушуп, Кызыл-кыя шаарынын коомдук жайларынын биринен өзүнүн курдашынын денесине жаракаттарды келтирген. Андан соң, 2 жыл бою Россия Федерациясынын Москва шаарында жашырынып жүргөн.
Издөөгө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда М.А. аттуу жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат.
Сүрөт интернеттен алынды