Өмүрбек Текебаев: «Муфтияттын кызматкерлери ката кетиришти. Эл аралык иштерде тажрыйбасынын жоктугу дагы аларды актай албайт»

Аналитика, Статьялар 20 Май 2019 17:01
0 ой-пикир

Elgezit.kg редакциясынын Өмүрбек Текебаев менен болгон маеги

—Россиянын НТВ каналындагы бир убакта белгилүү болгон программасынын девизи — ызы-чуулар, интригалар, иликтөөлөр болчу. Кыргызстандагы акыркы чуулардын бири түрк элчиси менен байланыштуу. 8-майда муфтият ыйык рамазан айынын урматына мусулмандарды “Дасмия” ресторанына ооз ачууга чакырган. Чакырылгандардын катарында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да бар эле. Залда “Сапат” мектептер тармагынын мурдагы директору Орхан Инан бар экенин көргөн элчи ооз ачарга бир нече мүнөт калганда ифтардан кетип калган.

 “Рамазан айында силер террористти чакырып жатасыңар, бул эмне деген муфтият? Мен 35 млн долларга мечит куруп берсем, силер мени террорист менен бир катарга коюп жатасыңар. Эмнеге силер бул жакка FETÖ уюмунун башчысын чакырдыңар?Силер же Түркияны, же террористтерди тандашыңар керек”,-деди Түркия элчиси.

Elgezit.kg маалыматы: FETÖ — Түркия бийлиги тарабынан кабыл алынган баш тамгалар. Ал “Фетхуллахчылардын терористтик уюму” (Fethullahçı Terör Örgütü) деп чечмеленип, Гүлендин кыймылы дегенди түшүндүрөт. Фетхуллах Гүлен Түркияда 1941-жылы туулган. Ал мурдагы имам, жазуучу жана коомдук ишмер. 1999-жылдан тарта АКШнын Пенсильвания штатында жашайт. Түрк бийлиги Гүлен 2016-жылдын 15-16-июль күндөрү мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылган деп санап келишет.

Түрк элчисинин кылыгы социалдык тармактарда желдей тарап, азыркыга чейин талкуунун аягы токтой элек.

— Мен силерге бир окуя айтып берейин. Менин уулум Эсентур быйыл Бишкектеги Айтматов лицейин аяктап жатат. Бул кыргыз-түрк “Себат” системасынын мектептеринин бири. Мен физик-теоретикмин жана менин балдарым, өзгөчө уулдарым менин математикалык шыгымды алышат деп ойлогом. Бирок кичүү уулум Эсентур… Кыскасы, математикадан жакшы болгон жок. Мени бул абдан капа кылчу. Муундар тууралуу айта турган болсок мен алтымышынчы жылдардагы муунмун. Эгерде эсиңиздерде болсо ал убакта физиктер менен лириктердин талашы күч алып, гуманитардык билим алып жаткандарга үстүртөн караган мамиле болчу.

Elgezit.kg маалыматы: СССРде белгилүү болгон физиктер менен лириктердин талашы 1959-жылы “Комсомодьская правданын” беттериндеги жазуучу Илья Эренбург менен Башкы артиллериялык башкармалыктын инженер-подполковниги, кибернетика тууралуу алгачкы ата мекендик китептин автору Игорь Полетаевдин ортосундагы талкуудан улам башталган. Бул эки эле кишинин ортосунда эмес, жалпы эле техникалык жана гуманитардык багыттардагы чыгармачылык интеллигенциянын ортосунда талаш башталган.

ЗБул талашта физиктер жеңип келишкен. Алар космоско учушкан, ачылыштарды жасашкан, жалпысынан алганда коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, прогресстин кыймылдаткычы катары саналып келишкен.

Ошондуктан албетте, менин уулум лирик эмес физик болушун каалагам.

Сүрөттө: Ө.Текебаевдин үй-бүлөсү. Эсентур —  оң тарапта четте.

Бирок баланы күчкө сала албайсың. 4-5 жыл мурда жубайым экөөбүз эң башкысы балабыз мыкты уул болуп, татыктуу адам болсун деп чечтик. Бир жолу Эсентур 7-класс кезинде мен жумуштан келсем, Айгүлдүн маанайы жок экен. Мен андан эмне болгонун сурап баштадым, ал мектептен мугалимдер чалышып Эсентур тууралуу даттанып жатышканын айтты. Көрсө ал тосмодон секирип мектептен бир нече жолу качып чыгыптыр. Мектепте тартип темирдей. Балдар казармадагыдай шартта жашашат жана окушат. Мектептен уруксат жок чыкканга тыюу салынган. Эсентурдун мугалими, алар айткандай абиси менин уулум менен дагы эки досун эреже бузуп жаткан жеринен кармап алыптыр. Мен ошондо маанайым гана түшпөстөн, баламдын кылыгына өтө нааразы болдум. Баары эле Эйнштейн болмок беле деп, так илимдерди жактырбаганына макул болдум. Бирок уулум жоопкерчиликсиз адам болуп чоңоюп жатканына өтө капаландым. Бир нече күндөн кийин аялымдан лицейге барып, мугалимдер менен сүйлөшүптүрбү сурадым. Айгүл Эсентур өзү баарын айтып бергенин айтты Лицейдеги күн тартибинде түштөн кийин тамак жегенге убакыт бар. Балдар чай ичкенге таттууларды сатып алгысы келиптир. Алар жакынкы дүкөндөн келе жатышканда, мугалими кармап алыптыр. Ал Эсентурду абдан катуу урушуптур: “Сенин атаң ким билесиңби? Сен ага татыктуу уул эмессиң”-дептир. Кыскасы, үч дос катуу уруш жешип, мугалими алардын ата-энелерине чалып чыгыптыр. Бирок Эсентур апасына алар тосмодон секирбей эле, дарбаза аркылуу кирип чыгышканын айтыптыр. Бирок аларды кое берген күзөтчүнү сатпаш үчүн тосмодон чыктык дешиптир. Эсентур ал жакында эле мектепке ишке киргенин, жаш балдары бар экенин жана окуучуларга дайыма жакшы мамиле кыларын айтып бериптир. “Эгерде лицейде аларды күзөтчү кое бергенин билишсе, аны дароо жумуштан кетиришмек, ал кайдан иш табат эле” дептир уулум. Аларды катуу урушкандарына карабай, уулум достору менен күзөтчүнү “сатышпаптыр”. Айгүл мага бул окуяны айтып бергенде балам менен сыймыктандым. Чыныгы жигит өсүп жатканына, өзүнүн кылган ишине жоопкерчилик ала аларына сүйүндүм. Эң башкысы башкалардын көйгөйүн түшүнгөн жигит болуп чоңоюп жатканы кубантты. Ал гана эмес, анын достору дагы татыктуу адам болуп чоңоюп жатышыптыр. Бул мектептин кошкон салымы деп ойлойм. Демек, алар баалуулук тууралуу жакшы билишет. Алардагы адамдык сапаттардын калыптанышына мектеп чоң салым кошуп жатат. Менин уулум үчүн мектепке жана мугалимдерге абдан ыраазы болгом.

 Elgezit.kg маалыматы:  «Сапат» мектептер тармагы — мурдагы «Себат», Кыргыз Республикасында  1992-жылдан тарта иштеп келет. СССР кулагандан кийин Түркиянын көзү өтүп кеткен президенти Тургул Озал Борбордук Азияга барып, ал жакта жаңы билим берүү системасын түзүү сунушун берип кайрылган. Ошентип Кыргызстанда “Себат” лицейлери ачылган, кийин 2016-жылдагы Түркиядагы төңкөрүш кылуу аракеттеринен соң “Сапат” деп өзгөртүлгөн. Дүйнөдө  түрк лицейи тармагынын 191 билим берүү мекемелери бар. Биздеги “Сапат” мектептеринин жана лицейлеринин баары Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алышкан жана алардын билим берүү программасы мамлекеттик стандарттарга шайкеш келет.

Сүрөттө: Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицей.

2016-жылдын июль айында Түркияда төңкөрүш кылуу аракети болгон. Андан кийин Түркияда Фетхуллах Гүлендин адамдары жана төңкөрүш кылууга аракет кылгандардын баарын куугунтуктоо башталган. Түрк бийлигинин пикиринде, “Себат” Гүлендин “балдары” болгондуктан, Анкара Кыргызстандагы баарлык түрк мектептерин жаап, мугалимдерди мекенине жөнөтүүнү талап кылган. Ошондо Туркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кыргызстандыктарга террордук коркунуч бар экенин эскертип, ал коркунуч “Себат” мектептеринен келип жатканын билдирген. Биз силерге насыя, гранттарды берип жатабыз, ошондуктан силер түрк бийлигинин талаптарын аткарышыңар керек деген сыяктуу сөздөр айтылган.

Мен “Ата Мекендин” атынан башка өлкөнүн бизге кийлигишкенге акысы жок экени тууралуу билдирүү жасагам. Кыргызстан – эркин өлкө, көз карандысыз өлкө. Биз адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлайбыз жана мугалимдер өз мекенинде, Түркияда камалып, куугунтукка кабылуусуна жол бербейбиз. Түркия Советтер Союзу тарагандан кийин жаңы билим берүү системасын куруш үчүн Кыргызстанга келди. Алар биздин балдарыбызды окутабыз деп, гуманитардык миссия менен келишкен. Биз эч жамандыгы жок, бизге достук мамиле кылган адамдарды сатып кетишибиз керекпи? Эгерде аларды сатсак, анда менин уулум эмне дейт, мен кандай үлгү берип жатам? Мына эмнеге мен ошондо билдирүү жасагам. Кийин башка фракциялардын лидерлери колдошту, жада калса Атамбаев дагы түрк бийлигинин талаптарына терс жооп берди. Мен элим үчүн сыймыктанып турдум. Бүткүл элита менин уулумдун мектебиндеги балдардай бирдей кадам жасады. Моралдык жактан жогорку баага татый турган иш жасашты. Биздин коомчулукта достук, ыраазычылык, намыс деген түшүнүк калыптанганын көрсөтүштү.

— Бирок ошондо Атамбаев менен Эрдогандн дос экенине карабастан биздин өлкөнүн “Себат” мектептери боюнча позициясы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилени суутуп койду. Эки өлкө ортосундагы мамиле чуудан кийин кайра бузулбайбы?

— Андай болот деп ойлобойм. Себеби ошол маалда ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин алар өтө сезимтал болуп турган. Түрк тараптын талаптары  конъюнктурлык мүнөздө болуп, ички күрөш логикасы аркылуу талаптарды коюп келишкен. Учурда абал өзгөрдү. Түрк эли- улуу эл. Рэджеп Тайып Эрдоган мыкты саясатчы, мамлекеттик ишмер. Түркия анын башкаруусу алдында дүйнөдө өз ордун табууга аракет кылып жатат, Эрдоганга баштаган иштерине ийгилик каалайбыз.

— Бирок Түркиянын Кыргызстандагы элчиси өтө катуу сөздөрдү айтты. Аны Түркиянын ТИМи колдоду.

— Муфтияттын кызматкерлери, албетте ката кетиришти. Эл аралык иштерде тажрыйбанын жоктугу жагы аларды актабайт. Бирок кандай болгон күндө дагы элчиде өзүн мындай алып жүрүүгө укугу жок болчу. Анын үстүнө азыр рамазан айы. Биз силерге мечит куруп бергенбиз, эми силер биз каалагандай иш кылышыңар керек дегенине жол бербөө керек. Биздин Өкмөт, ТИМ реакция кылышы керек. Балким тиешелүү билдирүү таратышат.

— Макул, бул го түшүнүктүү, бизде ар түрдүү уюмдарды террористтик же террористтик эмес деп аныктоо боюнча иштер кандай жүрөт? Мисалы, көптөгөн мамлекеттерде экстремисттик деп табылган “Таблиги жамаат” тууралуу акында эле парламентте кайрадан маселе көтөрүлдү. Советтер союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен “Таблиги жамаатка” уруксат берген жалгыз эле Кыргызстан.

— Чындыгында эле Кыргызстанда “Таблиги жамаат” уюмуна тыюу салынган эмес, бирок ЖККУга кирген өлкөлөрдүн баарында ал экстремисттик уюм деп табылган. Коопсуздук маселелеринде Кыргыз Республикасы Россиянын артынан жүрөт. Кыргызстан коопсуздук тармагында бул же тигил маселелер боюнча өзгөчө пикирин билдирген учур боло элек. Бирок бул уюм тууралуу айтчак, Кыргызстан өз алдынчалыгын көрсөтүп жатат.

 

Сүрөттө: биздин шаардагы таблигичилер

Elgezit.kg маалыматы: Кыймылдын негиздөөчүсү индус Мухаммад Ильяс Кандехлеви (1885-1944 жж.). Башында Ильяс Мухаммад диний медреселерди ачуу менен ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландаган. Бирок Индиядагы калктын жашоосунун начардыгы жана билимсиздиги аны башка жолду тандап алууга түрткөн. 1925-жылы хадждан кайткандан кийин ал өлкөнү кыдырып динди жайылтып баштаган. “Таблиги жамаат” 1926-жылдан тарта түзүлүп баштаган. Учурда бул диний уюмдун башкы кеңселери Индиядагы «Низамуддин» медресеси (марказ), Пакистандагы “Райванд” жана Бангладештеги “Кокрайл” медреселери. “Таблиги жамааттын” диний билим берүүсүнө ылайык, динди чечмелөө окумуштуулардын гана эмес, ар бир динге берилген жарандын милдети. Ошондуктан ар бир мусулман айына 3 күн же жылына 40 күн дааватка чыгышы керек. Дааватчылар бетме-бет дин тууралуу маалымат бергенден башка материалдарды же техникалык каражаттарды колдонушпайт. Тилекке каршы, дааватчылар диний же башка билимге ээ эмес.

Ошондуктан диний билими төмөн болгондуктан эксперттер “Таблиги жамаат” уюмунун өкүлдөрү экстремисттик топтордун торуна оңой илинерин айтышууда.

“Таблиги жамаат” өздөрү шайлаган жетекчилерге гана баш ийет. Алардын түшүнүгү боюнча жетекчиге каршы чыгуу күнөө. Ошондуктан көбүнчө жергиликтүү имамдарга баш ийбей келишет. Мындан сырткары имамдарды укпоого чакырып, муну алар дааватка чыкпай турганы менен түшүндүрүп келишет.

Биздин өнөктөштөрдүн позициясына жана алардын суранычына карабастан Кыргызстан “Таблиги жамааттын” ишмердүүлүгүнө тыюу салууга шашпай эле. Эмнеге? Себеби бул уюмдун Кыргызстанда чоң таасири бар деп ойлойм. 2015-жылдын аягында маалымат жыйыны учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Таблиги жамаат” тууралуу суроого жооп берип жатып, алар тараптан эч кандай коркунуч көрбөй эле турганын алар болгону дааватчы экенин билдирген.

 Elgezit.kg маалыматы: Алмазбек Атамбаев: «Айылда бир тууганым бар болчу. Ал үч ай ичип, кайра үч ай дин жолуна түшүп калат…эми ислам динине үгүттөө боюнча жаңы система киргизилди. Үй-бүлөсү уруксат бериши керек, ал эмне тууралуу үгүт кылары боюнча суроолор берилип, жооптор алынат. Эгерде баары жакшы болсо, барып даават кыла берсин. Эгерде тыюу салсаң, ал башка жол менен кетет. Менин оюмча радикалдар азайды. Тыюу салынган өлкөлөрдө алардын саны көп. Аларга сакал өстүрүүгө, малакай кийүүгө тыюу салгыла, алар автомат алып чыгышат. Адам тыюу салынбаганын билсе ал тигини жана муну угуп, туура жолду тандайт. Биз өз жолубуз менен кетип жатабыз. Мен Куранды бир нече жолу окуп чыккам жана сүрөөлөр боюнча теологдор менен да тартышып кете алам. “Таблиги жамаатка” тыюу салбай туура кылдык”https://www.fergananews.com/articles/9015

Бул кыймылдын өкүлдөрү парламенттегилер, Өкмөт мүчөлөрү жага таасирдүү бизнесмендер  менен достук мамиледе. Аларды күчтүү позициясы бар жана бийликке таасир бере алышат. Бийликте алардын өкүлдөрү дагы бар. Кыргызстандын бийлигинде отургандар менен туугандык, достук мамилелери дагы бар. Биздин муфтий Максат ажы Токтомушев дагы таблиги амир деп айтып жүрүшөт. Ал коомчулук алдында бул кыймылдан алыс экенин билдиргени менен буга көпчүлүк ишене берген жок. Балким, ошондуктан бизде “Таблиги жамаатка” либералдуу мамиле болуп атат. Билишимче ошол эле казактар биздин бийликке басым көрсөтүүгө аракет кылып, таблигичилердин ишмердүүлүгүнө тыюу салдыра албай келишет. Жалпысынан айтканда, бул же тигил диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу же уруксат берүү өтө татаал. Комплекстүү кадамдар болушу керек. Бирок светтик өлкөдө диний агымдардын өкүлдөрү коомчулукка кандай кийинүү, кантип өзүн алып жүрүү керектигин таңуулоосуна жол бербөө зарыл.

 Elgezit.kg редакциясы маек алууга көмөктөшкөнү үчүн Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.

 

 

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.