Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 15:48
0 ой-пикир

Казакстандын жаы шайланган  президенти Касым- Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапары пландалган.

Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ башчысы казак кесиптеши Бейбут Атамкулов менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө маалымдады.

Жолугушуу Казакстандын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында өтүүдө. Атамкулов 22-майда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышат.

Кыргызстандын Тышкы Иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын мамлекет башчысынын Кыргызстанга пландалган расмий визити тууралуу айтып, ошондой эле Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катыша тургандыгын билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.